19&Բ;декабря&Բ;2022
16-декабрда өлкөнүн мыкты 70 студентинин президенттик стипендияга ээ болушуна арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Сүйүнчүлөп маалымдайбыз, БААУнун Психология бөлүмүнүн 3-курс студенти Наён Пягай Президенттик стипендиянын ээси болду. Наён 60 миң сом өлчөмүндө стипендия жана Ардак грамота алды.
"Өлкө жетекчилиги ар дайым активдүү, демилгелүү, мекенчил жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкусу келген жаштарды колдойт. Биз адам ресурстарына инвестиция салуу – ийгиликтин ачкычы экенин жакшы билебиз", – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров.
"Бөлүмүм мени бул сыйлыкка көрсөттү деп укканда, абдан таң калдым. Мага колдоо көрсөтүп, студенттерди мыкты окуп, академиялык максаттарына жетүүгө шыктандырып жатканым үчүн бөлүмүмө жана БААУга абдан ыраазымын. Психология бөлүмү студенттерге баалуу теориялык жана практикалык билим берет, ошондой эле жогорку квалификациялуу окутуучулар билим алууга жана өзүн ыңгайлуу сезүүгө мүмкүндүк берген жагымдуу чөйрөнү түзүшөт. Кыргызстан боюнча көрүнүктүү студенттер чогулган мындай улуттук деңгээлдеги иш-чарага катышуу мен үчүн абдан кызыктуу болду. Сыйлыктар расмий тапшырылгандан кийин, бардык студенттер атайын залга чогулуп, бирге тамактанып, баарлаштык", – деп бөлүштү Наён.